Казакстанда башка өлкөлөргө экспорттоло турган натрий цианидин өндүрүүчү заводдун курулушу башталды

Жибек Жолу атайын экономикалык зонасында (Шуский району) жылына 25 миң тонна натрий цианидин өндүрө турган заводдун курулушу башталды. Инвестор — «Altynalmas Reagents» ЖЧК, долбоордун жалпы наркы 68 млрд теңге. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары билдиришти.
Өндүрүлгөн продукция Казакстандын алтын казып алуу тармагына, ошондой эле Россияга, Кыргызстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жана Монголияга экспорттолот.
Заводду ишке берүү 2027-жылдын IV кварталына пландалган. Ишканада 250гө жакын жумуш орду түзүлмөкчү, алардын 96%ын Казакстандын жарандары ээлейт.
«Altynalmas Reagents» ишканасынын башкы директору Уалихан Атагелдиев билдиргендей, келечектеги адистер үчүн окутуу жана квалификацияны жогорулатуу программалары уюштурулат.
Бул долбоор алгач 2023-жылы эле жарыяланып, заводду 2025-жылы иштетүү пландалган болчу.



