Коом

«Азаттык Арена» стадиону «Бишкек Арена» болуп өзгөртүлдү

Борбор калаада эң ири стадион ачылып, ага «Азаттык Арена» деген аталыш берилген. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жыйын өтүп, анда кабыл алынган чечимге ылайык, эми стадион «Бишкек Арена» деп аталмай болду. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, 2026-жылдын август айында «Бишкек Арена» стадионунун курулушу аяктайт.

«Урматтуу кыргызстандыктар! 2026-жылдын август айында өлкөбүздүн тарыхындагы эң ири жана заманбап стадион толугу менен курулуп бүткөнү турат.

Башында стадиондун аталышы «Азаттык Арена» деп бекитилген болчу. Бирок урматтуу президентибиз Садыр Жапаров калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш «Бишкек Арена» болуп расмий түрдө өзгөртүлдү.

Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ.

2026-жылы август айында боло турган салтанаттуу ачылыш — жалпы элибиз үчүн унутулгус тарыхый күн болот.
Алдыда чоң иштер, чоң жеңиштер жана жаңы мүмкүнчүлүктөр турат!», — деп айтты Каныбек Туманбаев.

Эске сала кетсек, жаңы стадион 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Ал жерде 2000ден ашык орунга эсептелген унаа токтотуучу жай бар. Ошондой эле стадиондун айланасында дүйнөлүк бренддердин кийим дүкөндөрү, бизнес-борборлор, фуд-корттор жайгашат.

Тектеш кабарлар

Back to top button