Саясат

Россия Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

Россия президенти Путин  Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү буйругуна кол койду. 1-декабрда күчүнө кирген документ келерки жылдын 14-сентябрына чейин иштейт. Бул тууралуу Россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Билдирүүгө ылайык, турист катары же маданий, илимий, саясий, экономикалык, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген кытай жарандары орус жергесинде 30 күн визасыз жүрө алат. Россия аркылуу башка өлкөлөргө өткөн кытайлыктарга да визанын кереги жок болору айтылды.

Ал эми аталган өлкөгө журналисттик ишмердигин аркалоо, билим алуу, туруктуу жашоо үчүн келгендерге, эл аралык жүк ташуу менен алектенгендерге бул буйрук таасирин бербейт.

Эске салсак, быйыл 15-сентябрда Пекин ушундй эле визасыз режимди Россиянын жарандары үчүн киргизген.

Тектеш кабарлар

Back to top button