Коом

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 14,3 млн сом насыя берилди

«Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 14,38 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, насыяны 115 каржылоо субъектиси алды.

Аталган долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору катышууда. Аларды кредиттөөнүн көлөмү 200 млн сомду түзөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин тескемеси менен «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоорун бекитүү жөнүндө» долбоору бекитилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button