Коом

Бишкекте унаа жуучу жайлар таза суу жана агынды суу тартибин сактаган эмес

Бишкектеги унаа жуучу жайлардын техникалык документтери жана алардын шаардык суу жана канализация тармактарын пайдалануудагы бузууларын пландуу текшерүүлөр уланууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө суу жана канализация тармактарына өз алдынча мыйзамсыз кошулган учурлар, ошондой эле сууну алуу жана агынды сууларды агызуу тартибин сактабаган фактылар аныкталды:

  • Ленин районунда 4 унаа жуучу жай суу түтүктөрдүн жарылышынан улам ажыратылган, 2 унаа жуучу жайда канализация түтүктөрү өчүрүлгөн.
  • Биринчи май районунда 2 суу менен камсыздоо жана 2 канализация түтүгү өчүрүлгөн.

Бул жайлардын ээлерине эреже бузууларды оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация системаларын учурдагы эрежелерге ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.

«Бишкексууканал» ишканасы шаардык суу жана канализация тармактарына туташкан бардык коммерциялык объектилер керектелген суунун көлөмүн так эсепке алуу үчүн суу өлчөгүч орнотууга милдеттүү экенин эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button