Коом

Бишкектин чыгыш аймагында акы төлөнүүчү айланма жол салынат

Бишкек шаарынын чыгыш аймагында акы төлөнүүчү айланма жол салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты.

Маалыматка ылайык, өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун жактырган. Бул үчүн 79,8 гектар жер аныкталып, зарылдык жаралса тийиштүү жер тилкелери трансформацияланмакчы. Азырынча жол кайсы жерден өтөрү белгилүү боло элек, болгону чыгыш бөлүгүнө салынары маалымдалды.

Жолдун курулушу жана тейлөөсү МЖӨ форматы менен жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button