БШК: Талапкерлер үгүткө 1,5 млрд сом сарптады

Борбордук шайлоо комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча мөөнөтүнөн мурда 30-ноябрда өткөн шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо өнөктүгүнүн каржылоосу тууралуу маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер өз-өзүнчө, ал эми 9 талапкерди көрсөткөн “Ынтымак” саясий партиясы чогуу шайлоо фонддорун түзүштү. Натыйжада БШК белгилеген “Элдик Банкта” жана “Айыл Банкта” 510 атайын эсеп ачылды.
29-ноябрга карата алынган банктык маалыматтарга караганда, атайын эсептерге 1 млрд 791 млн сом түшкөн. Бул сумманын ичинен 1 млрд 582 млн сом шайлоодогу үгүт иштерине сарпталды. Калган 147 млн сомдон ашыгыраак каражат шайлоо төгүмүн төлөөгө жумшалды.
Эске салсак, Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.



