Коом

Жаңы жылдан тарта айрым мамлекеттик ооруканалар өз алдынча иш алып барат

Президент Садыр Жапаров бир катар мамлекеттик ооруканаларга жаңы жылдан тарта өз алдынча иш алып  барууга мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койду.

Маалыматка караганда, мындай кадам өлкөдөгү саламаттык сактоону, медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында жасалып жатат.

Жарлыкта учурдагы башкаруу модели мамлекеттик медицинанын өнүгүшүнө тоскоол болуп, ооруканалар финансы, кадр саясатында өз алдынча чечим кабыл ала албай жатканы белгиленген. Ошондой эле атаандаштык жагынан менчик клиникалардан артта калып кеткени да айтылган.

Бирок мындай кадам калкты медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерден ажыратпайт. Тиешелүү министрликтер көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн акы кандай жол менен, канча көлөмдө төлөнө тургандыгы жана жалпы эле финансыга байланыштуу маселелерди жөнгө салып, иштеп чыкмакчы.

Ошону менен катар, бул сынамык тажрыйба 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жасалып, соңунда жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы каралат. Азыр кайсы шыпааканалар жаңы багыт боюнча иш алып бара тургандыгы аныкталып жатканы айтылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button