Кытайдын Гансу провинциясында кыргыз-кытай лабораториясы ачылды

Кытайдын Гансу провинциясынын Ланчжоу шаарында маданий мурастарды коргоо боюнча кыргыз-кытай лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ачылыш аземине Гансу провинциясынын губернатору Жэнь Чжэньхэ, ошондой эле Кыргызстандын Маданият министрлигинин, Кытайдын Илим жана технология министрлигинин жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Биргелешкен лабораториянын негизги максаты маданий мурас объектилерин санариптештирүү, тажрыйба алмашуу жана жаш кадрларды реставрациялоо, консервациялоо, археология, маданий мурасты коргоо жаатында даярдоо болуп саналат.
Мындан тышкары, Лянжоу технологиялык университети кыргызстандык студенттерге 2026-окуу жылынан баштап беш жылдык мөөнөткө квота бөлүп берди.
Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы Сиань, Ланчжоу жана Тяньшу шаарларында жайгашкан бир нече мекемелер, музейлер менен таанышты.



