Жолдошум эч нерсе алып келген жоксуңбу биз эмне жейбиз эми деп….

Поликлиникада узун кезек. Бүт эле жөтөлүп, ыйлап,мурду аккан жаш балдар, аларды тынчтандыра албай убара тарткан апалары. Алардын арасынан ак жуумал жаш келин уктап калган кызын бооруна кысып маанайы жок отурду. Көзүнөн өкүнүч, кайгы айттырбай окулуп турат. Келинди карап адам муңга батып, жүрөгү ооруп жан дүйнө азапта болгондо көздөр да өзгөрүп ажарына чыкпай нуру өчө түшөөрүн дагы бир ирет байкадым.
Эшик улам ачылып жабылып, жаш бөбөктөр кезеги жок эле кирип жатышты. Бир канча убакыт өтүп адам аягы суюлуп баягы келин бери жылып отурду.
— Түнү менен денеси ысып, тамагы ооруп уктай алган жок, эми дарыгерге келгенде уктап калганын. Демейде ызы чууга уктабаган кыз, ушунча чууга карабай уктап жатат,- деп кызынын баш кийимин чечти. Наристе тердеп чыгыптыр.
-Мен күтө турам сен кирип чык. Жаш бала ооруган жаман да, — деген болдум.
Ошентип экөөбүз аркы берки, өткөн кеткенди кобурашып отуруп жакындан таанышып келсек бир жердин кыздары болуп чыктык. Айылга мектеп курагында каникулга барып жүргөнүн, тоолордун кооздугун айтып абанын тазалыгын эстеп ошол кездерге барып келгендей болдук. Аңгыча эшик ачылып дарыгер айым чакырып калды. Келин уктаган кызын акырын жыттап ойготтуп кирип кетти. Ал чыкканда күтүп тур мен унаам менен жеткирип коем дедим.
Күн бешим болгондо ээрчишип кичинекей бөбөктү жетелеп үйдү көздөй жол алдык. Шаардын тыгынында дагы да сөзүбүз бүтпөй сүлөшүп келе жаттык. Бир мезгил көзүнө жаш алган келин:
-Эже уулуңузду үйлөндүргөндө кредит албаңыз. Биз ошонун айынан 3 жыл жашап эки жолго түштүк деп оор үшкүрдү да сөзүн улады. 19 жашымда турмушка чыктым. Ата-энем бир туугандарым окууну аяктап анан турмушка чык дегенине карабай сүйүп калдым деп жигитимди ээрчип кеттим. Башында баары жакшы болду. Свадьба, кыз узатуу, сеп. Атамдын тигүү цехи бар. Эч нерседен кем кылбай узатышты. Жолдошум жакшы жерде иштейт. Алган айлыгын кредитке берет эле. Мен аны сураганда “атамдар алган” деп койгон. Бир жарым жылдай кайын журт менен чогуу жашадык анан бизди квартирага бөлүп коюшту. Ал кайын атам мурда алып койгон квартира болчу экен эки бөлмөлүү. Жолдошум тапкан акчасын кредитке берет, мен көбүнчө төркүнгө барганда азык түлүк атамдар салып беришет. Ошентип жашап жатканбыз. Акыркы айларда атам менен апам чет өлкөгө кетишти, төркүнгө баргам, кайра үйгө келе жатканда эч нерсе деле алган жокмун. Жолдошум эч нерсе алып келген жоксуңбу биз эмне жейбиз эми деп чуу чыгарды. Продукт алып кел жасап берем дедим. Ошол жерден катуу урушуп мага кол көтөрдү. Ар кандай сөздөр айтылды. Сени албасам чалкып өмүр сүрөт элем, сени алам деп кредит алып акчамдын баары ошол жакка кетип ачка отурабыз деп мени күнөөлөп туруп алды. Буга чейин да кер-мур айтышат элек бирок бул жолу олуттуу уруш болду. Кайын энем, кайын эжемдер келишти. Күнөөнүн баарын мага коюшту. Даяр эмес болсоңор эмнеге балаңарды үйлөндүрдүңөр, менин атам бай болсо мен күнөөлү эмесмин өз эмгеги менен каражат табат дедим. Карасаң кайым айтышып, жокту көрбөй чоңойгон деп кайын эжем атырылып кирди. Чынында корктум эже. Мынтип кол көтөрсө эртен эмне болот, азыр коомдо эмнелер гана болуп жатат. Анын үстүнө жолдошум жинденгенде көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат да. Ошентип ажыраштык, — деп оор үшкүрүндү келин.
Угуп отуруп мен да ойго чөмүлдүм, туура да азыр жаштар сүйдүм күйдүм менен эртеңин ойлобой турмуш курушат. Экинчиси ата-энелер да өзүң иште өзүң аялыңды бак деп балдарды эрте эле түртүп салып жатабыз. Ортодо мотурайган наристелер убал болууда.



