Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Кечээ, 1-декабрда Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, инвестициялык макулдашуу министрлер кабинети, Sonningdale Limited жана «РЭЦА» ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү.
Иш-чара энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестордун өкүлдөрүнүн жана «РЭЦА» компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.
Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунда күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат.
Документ — баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.



