Коом

Милиция кызматкери ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз аракеттерди жасаган ар бир кызматкер жоопко тартыларын эскертет.

Министрликтин маалыматында, жакында Ленин РИИБине 2005-жылы туулган А.к.А. арыз менен кайрылган. Арызында 28-ноябрда түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен унаада отурган кезде аларга белгисиз адам келип, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган. Андан соң арыз ээсинин таанышын дүкөнгө жиберип, кызды коркутуп, психологиялык басым жасап, күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасандыгын билдирген.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан арызда көрсөтүлгөн жаран К.Ж. аттуу милиция кызматкери экендиги аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда 1988-жылы туулган К.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button