Коом

Камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдетилген дары-дармек каражаттары жаңыланды

Кыргызстандын камсыздандырылган жарандары үчүн жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын маалымдамасы жаңыланды. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, жеңилдетилген дары-дармек каражаттарынын жаңыланган маалымдамасы 1-декабрдан тартып күчүнө кирди.

Маалымдамада амбулаториялык деңгээлде дарыкана тармагы аркылуу жеңилдетилген программалар боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын компенсациясынын өлчөмдөрү жаңыртылган.

Эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы боюнча, маалымдамага 7 аталыштагы эл аралык патенттелбеген дары-дармек каражаттары тандалып алынган жана киргизилген. Анын ичинде:

  • антитиреоиддик каражат;
  • жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн препараттар;
  • диуретикалык каражаттар;
  • транквилизатор;
  • медикаментоздук аборт үчүн каражаттар бар.

Кошумча пакет боюнча дары-дармектерди ММК фонду менен иштеген дарыканалардан электрондук рецепт боюнча 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып алууга болот. Бул үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек, ал консультациядан кийин көрсөтмөсү болгон учурда электрондук рецепт жазып берет.

Жаңыланган маалымдама менен кеңенирээк таанышсаңыз болот: https://foms.kg/spavochniki/

Тектеш кабарлар

Back to top button