Дүйнө

Илон Маск АКШнын киийинки президенти ким болорун  айтты

Америкалык ишкер Илон Маск АКШда «улуу 12 жылдык доор» башталып, аны Дональд Трамптын экинчи президенттиги жана азыркы вице-президент Жей Ди Вэнстин эки мөөнөтү түзүшү мүмкүн экенин билдирди. Масктын айтуусунда, келечекте өлкөнү Вэнс жетектөө ыктымалдыгы жогору.

Бул тууралуу ал DOGE департаментинин мурдагы кызматкерлери менен видеобайланыш учурунда айтканы Politico тарабынан маалымдалды.

Жыйын 22-ноябрда Техастын Бастроп шаарында өткөн. Маск жеке келбей, коопсуздук себептери менен караңгы жайдан онлайн катышканын түшүндүрдү. Анын айтымында, өлкөдө ага каршы кол салуу коркунучу Трамп менен Вэнстен кийинки орунда турат.

Басылма Маск быйыл Вэнс менен бекем саясий байланыш түзгөнүн жана анын колдоосу 2028-жылкы шайлоодо маанилүү фактор болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button