Коом

Бишкекте жарандарды бычактады деп шектелип эки чет элдик камалды

Бишкекте эки чет элдик жаран эки Кыргызстандыкты бычакташкан. Шектүүлөр кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучулар милицияга 25-ноябрда «Рухий Мурас-1» турак жай комплексинде чет элдиктер кол салып, бычактап кетишкенин айтышкан.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган М.С. жана 2006-жылы туулган С.А.лар кармалып, СИЗО-1ге киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button