Коом

Кыргызстан London Mining Week иш-чараларына катышууда

Кыргызстан London Mining Week иш-чараларына катышып, критикалык минералдар багытындагы инвестициялык потенциалын тааныштырат

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиев 2025-жылдын 1–6-декабрында Улуу Британиянын Лондон шаарында өтүп жаткан London Mining Week иш-чараларына Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында катышууда.

Иш-чаранын биринчи күнүндө министр М.А. Машиев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери катышкан Критикалык минералдар ассоциациясынын Конференциясынын Пленардык сессиясында сөз сүйлөдү. Ал Кыргыз Республикасынын критикалык маанидеги минералдар боюнча потенциалы жана бул секторго инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кыскача маалымат берди.

Ошондой эле, ошол эле күнү министр критикалык маанидеги минералдар боюнча Өкмөттүк тегерек столго катышып, Евразиядагы тоо-кен иштери жана геологиялык чалгындоо боюнча Он үчүнчү конференцияда сөз сүйлөдү. Конференциянын алкагында М.А. Машиев Кыргыз Республикасында критикалык маанидеги минералдар секторун өнүктүрүү стратегиясынын иштелип чыгышы жөнүндө презентация жасады.

Өзүнүн докладында министр Кыргызстан Борбордук Азиядагы тездик менен өнүгүп жаткан экономика экенин белгилеп, тоо-кен тармагындагы жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү баса көрсөттү. Ал эл аралык инвесторлор үчүн өлкөнүн бир катар артыкчылыктарын белгиледи:

критикалык минералдардын запастарынын болушу жана геологиялык чалгындоого перспективалуу аянттар;

электр энергиясынын 90%дан ашыгы ГЭСтен алынгандыктан, өндүрүштүн көмүртек изи өтө төмөн болуп, эл аралык ESG-талаптарына жооп берет;

мыйзамдык жана инвестициялык чөйрөнүн олуттуу түрдө жакшыртылышы.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтү ортосунда критикалык маанидеги минералдар боюнча Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу пландалууда. Бул документ эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө жана минералдык-чийки зат секторуна эл аралык өнөктөштөрдү тартууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button