Коом

Бишкек мэри жаңы жылдык корпоративдик иш чара өткөрүүгө тыюу салды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мекемелерде Жаңы жыл алдында кызматкерлерден акча чогултууга  жана корпоративдик иш чараларга тыюу салды. 

Ал жетекчилерге эч кандай белек топтоо, пакет же себет ташуу сыяктуу иш-аракеттерге жол берилбесин катуу эскертти.

Жунушалиев кызматкерлерге да эскертип “эгерде жетекчилериңер бирөөгө белекке деп коллективден акча чогултса, айткыла” деди шаар мэри.

Жаңы жылдык корпоративдик иш чаралар да өткөрүлбөй турганын кошумчалаган калаа башчысы “акчасы ашык ташып жатса, социалдык мекемелерге өткөрүшсүн” деди.

Тектеш кабарлар

Back to top button