Коом
5-класстар үчүн математика китеби басылып чыкты

Бишкекте 5-класстар үчүн математика окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, китептер «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында басылды.
Жалпысынан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 150, ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 66 030 китеп басылып чыкты.



