Маданият

Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташууда

Кечээ, 2-декабрда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Кореянын ICHCAP мекемесинин Стратегиялык өнүктүрүү департаментинин директору Ким Доксунду кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар “Кыргызстанда салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” аттуу ODA-долбоорунун жүрүшүн талкуулашты.

Долбоордун алкагында Г.Айтиев атындагы музейинде, Көчмөн цивилизациясы борборунда, Нарындын Искусство галереясында кол өнөрчүлөр борборлору түзүлүп, оңдоп-түзөө иштери толук аяктап, Корея тарап техникалык жабдууларды орнотуп жатат.

Ошондой эле 3-декабрда Улуттук тарых музейинде салттуу кол өнөрчүлүк боюнча продукция жаратуучу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button