УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди мамлекеттин менчигине кайтарды

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлк комплекстерин мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлк комплекстерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында «Автовнештранс» (азыркы»Автовнештранс» ЖАК) Ысык-Көл бөлүмүнүн мамлекеттик ишканасын менчиктештирүүдө коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, жалпы аянты 7245,74 чарчы метр мүлктүк комплекске жана аянты 50 миң 414 чарчы метр жер участогуна карата текшерүү иштерин жүргүздү.


Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча менчик ээси мүлктүк комплекстерге жана жер участокторуна ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, аларды мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.





