Түркия Кыргызстандын электрондук санариптик кол тамгасын тааныйт

Кечээ, 2-декабрда Анкарада Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркиянын Соода министрлигинин биргелешкен бажы кеңешинин үчүнчү отуруму өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, делегацияларды кыргыз тараптан Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Түркия тараптан Соода министринин орун басары Сезай Учармак жетектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өкмөттөр аралык протоколго — товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашуу жана жөнөкөйлөтүлгөн бажы контролу боюнча техникалык шарттарга кол коюшту. Бул документтер бажы жол-жоболорунун ачыктыгын тездетүүгө жана жогорулатууга багытталган санариптик механизмдерди практикалык ишке киргизүү үчүн негиз түзөт.
Ошондой эле тараптар өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында электр-санариптик кол коюлган документтерди кабыл алууга даярдыгын тастыкташты.
Кыргыз тарап документтерди күбөлөндүрүү үчүн Бажы кызматы тарабынан иштелип чыккан электрондук санариптик кол тамганы колдонууну сунуштады. Түрк тарап бул сунушту колдоп, мындай документтерди верификацияланган катары кабыл алууга макул болду. Техникалык параметрлерди тактоо үчүн 2025-жылдын декабрында эксперттердин өзүнчө жолугушуусу өтөт.
Делегация башчылары өз ара соода статистикасын жылына эки жолу — 15-январга чейин жана 15-июлга чейин алмашууну макулдашты. Бул товар жүгүртүүнүн динамикасын ыкчам көзөмөлдөөгө жана аны көбөйтүү үчүн өз убагында чараларды көрүүгө жардам берет.



