Саясат

Шайназаров: 13-округда шайлоого катышкан талапкерлер кайра шайлоого бара албайт

13-округда шайлоого катышкан талапкерлер кайра шайлоого бара албайт. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, Боршайком 1 айдын ичинде шайлоонун датасын дайындайт. Кайра шайлоо эки айдын ичинде өтөт. Шайлоого катышкан 14 талапкер кийинки шайлоого катыша албайт.

«13-округда 94 шайлоо тилкеси бар. Бул округдагы жалпы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жаңы шайлоо болот. Биз бардык кайрылуулар, мыйзам бузуу фактылары сөзсүз караларын билдиргенбиз. Социалдык тармактарда, кайрылууларда айрыкча, 13-округ боюнча нааразычылык көп болгон. Боршайком анын баарын ачык-айкын, объективдүү карап жатат. Шайлоого катышкан 14 талапкер кийинки кайра шайлоого катыша албайт.

Өлкө боюнча 2619 шайлоо участкасы бар. Бүт баары видеокамералар менен камсыздалган. Ошол жерде болуп жаткан шайлоо процессин биз көрө алабыз. Социалдык тармактарга маалыматтар чыккандан кийин, биз ошол участкалардагы камераларды алдырттык. Тиешелүү эксперттер карап чыкты. Жалпысынан 35 шайлоо участкасында ошондой видеокөзөмөл коюлган. Бул мыйзамга туура келбейт. Мыйзамдын негизинде байкоочулар шайлоо комиссиясынын төрагасынын көрсөтмөсү менен атайын жерлерде жайгашып, алар видеобайкоо, аудио жазуу жүргүзсө болот. Бирок шайлоочулардын эркин добуш берүүсүнө, шайлоочулардын тандоосуна таасир эте турган бир дагы кыймыл аракет болбошу керек», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button