Күйөөсүнөн өч алгысы келип, өз балдарын сабады делген аял кармалды

Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 3-декабрында социалдык тармактарда болжол менен 30–35 жаштагы аялдын үйүндө эки баласын сабап жаткан видеосу тараган.
Бул факты Сокулук райондук ИИБге катталып, текшерүү башталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аялдын жана балдардын өздүгү такталды. Алар Сокулук айылынын тургундары болуп чыкты: энеси М.А., 1995-жылы төрөлгөн, анын жолдошу — Н.М., 1988-жылы төрөлгөн. Жабыркаган балдар — М.А., 2016-жылы жана М.М., 2018-жылы төрөлгөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) жана 139-беренеси (Өмүргө жана ден соолукка зомбулук көрсөтүү коркунучу) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, окуя 2025-жылдын 26-ноябрында болгон. М.А. жолдошу менен урушуп жүргөндүктөн, ага өч алуу максатында балдарын сабаганы аныкталды. Алардын ортосундагы чатак болжол менен 3 айдан бери уланып келген.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, жаран М.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө улантылууда.



