Маданият

Кол өнөрчүлүк боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Улуттук тарых музейинде салттуу кол өнөрчүлүк тармагында маданий туризм үчүн жаңы продукциялардын жаралышын колдогон 2025-жылдагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара өлкөдөгү маданий мурасты сактоо жана туризмди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди таануу максатында уюштурулду.

Ошондой эле азем Корея менен Кыргызстандын кызматташтыгында ишке ашырылып жаткан “Салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” аттуу 2023–2026-жылдарга белгиленген долбоордун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ICHCAP өкүлү Ким Доксун, Кореянын элчиси Ким Кванджэ жана ЮНЕСКО боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Сынакта катышуучулар оймо-чиймелерди заманбап дизайн менен айкалыштырып, сувенирлерди жана күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдардын моделдерин сунуштап, салттуу элементтердин маданий маанисин жаңычыл көз карашта чагылдырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button