Коом

Алиев: Айтматов проспектине дагы үч жер өтмөк салынат

Бишкектеги Айтматов проспектине дагы үч жер өтмөк салынарын калаанын вице-мэри Рамиз Алиев Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын маалыматында, өтмөктөр Айтматов проспектине, түштүктү көздөй кеткенде Ыбырай Абдрахманов атындагы көчөгө жетпей жана андан өткөндөн кийин болуп үч жерге салынмакчы.

Жыйында шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов көчөлөрдүн кесилиштерине жер өтмөктөрдү салуу маселесин көтөрдү. Ал дал ушул кесилиштерде кырсыктар көп болуп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, Айтмактов проспектинин Ахунбаев көчөсүнөн жогору жагы жакында эле оңдолуп ачылды. Элдин жолдон өтүүсү үчүн жер өтмөк салынып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button