Кыргызстан менен Пакистан сооданын көлөмүн 200 млн долларга чейин жеткире алат

Кыргызстан менен Пакистан биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырган шартта өз ара сооданын көлөмүн 200 млн долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен болгон сүйлөшүүсүндө айтылды.
Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Шахбаз Шариф Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон сапарын акыркы жыйырма жылдагы биринчи сапар катары тарыхый маанисин баса белгиледи. Ал пикиринде, бул сапар Кыргыз-Пакистан мамилелеринин жаңы барагын ачып, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө болгон жалпы даярдыкты чагылдырат.
Премьер-министр ошондой эле Садыр Жапаровдун жетекчилиги учурундагы Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн жогору баалап, эки өлкөнүн гүлдөп-өсүшү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тараптын саясий диалогду жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга, делегация алмашууну активдештирүүгө жана аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө умтулуусун билдирди.
Ошондой эле өлкө башчысы сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшүнө зор түрткү берерине үмүт артты.



