Пайдалуу кеңештер

Сасык тумоо менен ооруп калганда эмне кылуу керек?

Грипптин алгачкы белгилери байкалганда эле үйдө калуу сунушталат. Бул — биринчиден, оору күчөп кетпеши үчүн, экинчиден, айланадагыларды жугузбоо үчүн керек. Дарыгерге кайрылуу жана көрсөтмөлөрдү так аткаруу — оорунун оор өтүшүнөн сактайт.

Саламаттык сактоо кызматкерлери өзгөчө ата-энелерге кайрылып, ооруп турган балдарды мектепке же бала бакчага алып барбоону эскертишет. Грипп учурунда төшөк режими маанилүү, анткени организмдин жүрөк–кан тамыр жана иммундук системаларына күч келет.

Дарылоо мезгилинде көп суюктук ичүү — айыгууга жардам берген негизги шарттардын бири. Ысык чай, жемиш морстору жана минералдык суу организмдин суусуздануусунун алдын алып, абалды жеңилдетет. Ошону менен катар, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетүү, үйдү салкын жана нымдуу абалда кармоо маанилүү.

Дарыгерлер өз алдынча дарыланбоого чакырышат: туура эмес тандалган дары-дармек ооруну күчөтүшү мүмкүн. Андыктан грипптин биринчи белгилеринен тартып медициналык жардамга кайрылуу — эң туура чечим.

Тектеш кабарлар

Back to top button