Коом
Өлкөнүн ашууларында жол ачык

Бүгүн, 5-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.



