Казакстанда коомдук жайда жүздү жапкан кийим кийгендерге 80 доллар айып пул салынат

Казакстанда мындан ары коомдук жайларда бети-башын толук жаап, адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийим кийгендерге айып пул салынат. Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөрдү Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) кабыл алды. Маалыматты «КазИнформ» агенттиги таратты.
Мыйзамга ылайык, Административдик кодекске өзгөртүүлөр киргизилет:
* Биринчи жолу жүздү жапкан кийим менен коомдук жайга чыккан адамга эскертүү берилет.
* Кайталанса — 10 МРП өлчөмүндө (40 миң тенгеге жакын же болжол менен 80 доллар) айып пул салынат.
Документ эми Сенатка жөнөтүлөт. Жогорку палата колдосо, мыйзам президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.
Буга чейин, жайында, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев коомдук жайларда жүздү жаап жүрүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон. Документте кайсы конкреттүү кийим түрү жөнүндө сөз болгону көрсөтүлбөсө да, коомчулук бул талап маска жана балаклавалардан тышкары жүздү толук жапкан диний кийимдерге да тиешелүү экенин түшүнгөн. Айрыкча — никапка. Бул маселе Казакстанда бир нече жылдан бери талкууланып келет.
2024-жылдын март айында Токаев никабды «архаикалык кийим» деп атап, аны айрым радикал көз караштагы топтор казакстандык аялдарга таңуулап жатканын билдирген. Анын айтымында, бул көрүнүш өлкөнүн салттуу баалуулуктарына «ачык чакырык» болуп саналат.



