Коом
Кореяда визасыз жүргөн кыргызстандыктар айып пул төлөбөй өлкөдөн чыга алат

Тышкы иштер министрлиги Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусу жок жүргөн Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн Юстиция министрлиги 90 күндүк ыктыярдуу чыгып кетүү программасын ишке киргизгенин маалымдады.
Билдирүүгө караганда, программа 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 28-февралына чейин иш алып барат.
Аталган программаны пайдаланган чет өлкөлүк жарандар үчүн төмөнкүдөй жеңилдиктер каралган:
- көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт;
- мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт;
- программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин жүрүм-турум тартиби бузгандарга тиешелүү болуп саналат.
Ошол эле убакта, бул чаралар кылмыштуу аракеттерди кылган же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт.
«Кошумча суроолор боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү ыкчам байланыш номерлер аркылуу кайрылууну суранабыз: +82 10 9798 0951, +82 2 379 0951»,-деп айтылат маалыматта.



