Коом

Бишкекте эки жол кырсыгына себепкер болгон мас айдоочу кармалды

Бишкекте эки жолу жол кырсыгына себепчи болуп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу кармалды.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, Бородина көчөсүндө айдоочу мопед менен кагылышып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Бир аз убакыттан кийин Жибек Жолу – Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде Kia Morning унаасы менен дагы жол кырсыгын жаратып, кайрадан качып кеткен.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан уюштурулган кууп жетүү учурунда айдоочу Турусбеков – Чуйковская көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган. Текшерүүдө анын мас абалда экени аныкталды.

Учурда айдоочунун үстүнөн тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button