Коом
Кыргыз аял-судьялар ассоциациясынын конференциясы өтүүдө

Бүгүн, 5-декабрда Бишкекте Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясынын XI конференциясы өтүүдө.
Иш-чарага “Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясы” коомдук уюмунун Байкоочу кеңешинин төрайымы Гүлнара Дүйшөнбекова, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле адвокаттар жана эксперттер катышууда.
Конференциянын негизги максаты — аялдар менен кыздардын сот адилеттигине жетүүсүн жогорулатуу, ошондой эле гендердик зомбулуктун алдын алуу жана анын коркунучун азайтуу боюнча натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуу.
Иш-чаранын алкагында тиешелүү темалар боюнча талкуулар, баяндамалар жана сунуштар берилет.



