Коом
Өкмөт кызматтык сапарлар үчүн суткалык акынын өлчөмүн көбөйттү

Кыргызстанда кызматтык сапарлар үчүн суткалык акынын өлчөмү жогорулады. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Токтомго ылайык, 1-январдан тартып:
өлкө аймагы боюнча суткалык акы — 1000 сом (мурда 500 сом болчу);
Бишкек шаары боюнча — 1200 сом.



