Коом

Санжар Дыйканов Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти болуп дайындалды

Санжар Дыйканов Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык маселелер боюнча вице-президенти болуп дайындалды.

Палатадан билдиришкендей, аны жамаатка палатанын президенти Темир Сариев тааныштырды.

Санжар Дыйканов — эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу адис. Ал Япониянын Эл аралык университетин, ошондой эле Кытайдын Геологиялык илимдер университетин бүтүп, көп жылдан бери дипломатиялык кызматтарда эмгектенген.

Анын иш тажрыйбасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
• КР ТИМ системасында көп жылдык кызмат;
• Кытайдагы Кыргызстандын консулдук мекемелеринде иштөө;
• Россиядагы Башкы консулдуктагы дипломатиялык ишмердүүлүк.

Тектеш кабарлар

Back to top button