Ипотекалык үйлөр Бишкектин кайсы жеринен жана качан берилери белгилүү болду

2026 — жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 40 миңге чукул батир ээсине тапшырылат, анын 4 миңи Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу МИКтин Калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген.
Ал эми турак жай алчулардын кезегинин жай жылышы боюнча Тотубаева МИК өзү 2023-жылдан баштап гана үй курууга киришип, алгачкыларын 2024-жылдан тарта гана бере баштаганы менен түшүндүрдү.
МИКтин өкүлү 2026-жылы батирлер бир нече этап менен берилерине токтолуп, даректерин айтты:
“Мурас” турак жай комплекси — 2 280 батир (экинчи фазанын экинчи этабы жана толук үчүнчү этап);
Волков жана Костанай көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үй — 1 320 батир (2026-жылга чейин бүткөрүлөт);
“Ынтымак” ТЖК (биринчи этап) — 918 батир;
Тынчтык проспекти жана Горный көчөсүнүн кесилишиндеги үй — 120 батир;
Кара-Жыгач ж/к, Бегматов көчөсү — 105 батир;
Чыңгыз Айтматов, 104 — 665 батир;
Лев Толстой көчөсү, 120 — 280 батир.



