Коом

«Кыргызжолтрансдолбоор» ишканасына 5 кызматтык унаа тапшырылды

«Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасына JAC үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, унааларды министр Абсаттар Сыргабаев тапшырып, ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында алынган унаалар кызматтык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн берилип жатканын билдирди.

Жаңы транспорт каражаттары заманбап талаптарга толук жооп берип, айрыкча тоолуу жана рельефи татаал аймактарда жүргүзүлө турган жаңы жолдордун долбоорлорун даярдоодогу инженердик-изилдөө иштеринде кызматкерлердин күнүмдүк жумушун жеңилдетет.

Белгилей кетсек, ата мекендик Tulpar Motors заводунан чыккан унаалар буга чейин «Кыргызавтожол-Түндүк», «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканаларына да тапшырылган. Аталган унаалар Жол тейлөө ишканалардын өз каражатынын эсебинен, бөлүп төлөө жолу менен сатып алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button