Коом

УКМК: Тыюу салынган эл аралык террористтик, экстремисттик жана радикалдык уюмдарга азгырылбоого чакырат

Манас шаарынын тургуну Разия Үметова менен болгон  Би-би-си  (ВВС)  телеканалынын маеги маалымат каражаттарында жарыяланып, анда ал Сириядагы куралдуу кагылышуу аймагына кеткен уулун күтүп жүргөндүгүн билдирген.

Текшерүүнүн натыйжасында Р.Уметованын уулу Кыргыз Республикасынын жараны, 1992-жылы туулган Уметов Нурлан Жолдошбекович, Манас шаарынын тургуну экени аныкталган.  Ал мурда Ички иштер органы тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана жергиликтүү жаштар тобунун лидери болгон. Кийинчерээк Уметов Орусия Федерациясына эмгек мигранты катары кетип, ал жерде 2014–2015-жылдары «Катиба Имам аль-Бухари» эл аралык террористтик уюмунун өкүлдөрүнүн азгыруу таасирине кабылган. Андан кийин ал Түркияга барып, ал жерден Сириянын Идлиб провинциясына которулуп, аталган уюмдун мүчөлөрүнө кошулган.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, Үметов террористтик топтордун курамында машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышып, ошол учурда каза болгон. Ал 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы туугандары жана тааныштары менен байланышын үзгөн. Н.Үметов чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга катышкандыгы үчүн эл аралык издөөгө да алынган.

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды тыюу салынган эл аралык террористтик, экстремисттик жана радикалдык уюмдардын азгыруу аракеттерине алдырбоого чакырат. Учурда радикалдык террористтик уюмдар жарандарды өз катарына тартуу үчүн алыстан иштөө ыкмаларын колдонууну улантууда, алар заманбап технологияларды жана социалдык тармактарды активдүү колдонушат.

https://www.facebook.com/reel/1336035121067757

Алардын иши көбүнчө психологиялык таасирге, жалган билдирүүлөрдү колдонууга, адамдардын сезимдерин манипуляциялоого жана социалдык аялуулугуна негизделген.

Тектеш кабарлар

Back to top button