Коом

Pantone 2026-жылдын түсүн жарыялады: «Cloud Dancer» — коомду тынчтыкка чакыруу

Дүйнөгө белгилүү Pantone институту 2026-жылдын негизги түсү катары нейтралдуу ак өң — «Cloud Dancer» («Булут бийчиси») деп аталган жаңы түстү сунуштады.

Институттун маалыматына караганда, бул абадай жеңил ак түс коомдогу тынчсыздануу фонунда тынчтык берүүнүн жана сабырдуу ой жүгүртүүнүн символу катары тандалды. Pantone билдиргендей, «Cloud Dancer» таза жаңы башталыштарды, эски түшүнүктөрдөн арылууну жана жаңы ыкмаларга жол ачууну билдирет.

Pantone вице-президенти Лори Прессмандын айтымында, бул өң «өзгөрүүлөрдүн мезгилинде ачыктыктын жана аң-сезимдүү жөнөкөйлүктүн белгиси» болуп, адамга ойду топтоп, тышкы алаксытуучу факторлордон алысоого жардам берет.

Pantone институту жылдын негизги түсүн 26 жылдан бери тандап келет. 2025-жылы бул наамга күрөңдүн «Mocha Mousse» өңү, ал эми 2024-жылы «Peach Fuzz» — шабдалы өңүндөгү жумшак өң татыган.

Тектеш кабарлар

Back to top button