Коом

«Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы» аттуу китеп жарык көрдү

Бүгүн президентке караштуу Улуттук илимдер академиясында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбековдун «Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы» аттуу китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлады.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, академиктер жана коомдук ишмерлер катышты.

«Лидерлер басып өткөн жолу, күчтүүлүгү, эрктүүлүгү менен айырмаланат. Сиздин илимий-далилдүү фактылар менен жазылган бул китебиңиз абдан таң калтырды. Сиз Кыргызстандын басып өткөн тарыхын, экономикасын талдап бердиңиз. Жаштар лидерлердин ишин, жашоосун жакшы билүүсүнө мыкты курал экен», — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Китепте президент Садыр Жапаровдун балалык жана өспүрүм кезинен тартып, өз алдынча жасаган алгачкы кадамдары, мамлекетти башкаруунун оптималдуу моделин издөө жолу, жүргүзгөн реформалары жана жетишкендиктери тууралуу баяндалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button