Келерки жылы канча ипотекалык батир берилет? Тизме

2026-жылы Кыргызстан боюнча 20 миңге жакын батир берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн брифингде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын Калк менен иштөө башкармалыгынын башчысы Гүлзат Тотубаева билдирди.
Анын айтымында, эгер жаран Бишкек шаары боюнча кезекте болжол менен 3000-орунда турса, ал үлүштүк курулуш механизмине катышууга үмүттөнсө болот.
«Ар бир объект боюнча биз батирлердин жарымын үлүштүк курулуш механизми аркылуу беребиз. Мындай учурда турак жайдын наркынын 50 пайыз өлчөмүндө баштапкы төлөм каралган, ал эми калган сумма 15 жылга жылдык 8 пайыз менен бөлүп төлөөгө берилет. Батирлердин экинчи жарымы кезекте тургандар арасында бөлүштүрүлөт», — деди ал.
Мындан тышкары, 2026-жылы аймактарда дагы батирлерди берүү пландалууда. Алдын ала маалымат боюнча:
- Чүй облусунүн Күн-Туу айылы — 2 895 батир;
- Токмок — 1 905 батир;
- Кара-Балта — 4 950 батир;
- Манас шаары, М. Байзаков көчөсүндө — 639 батир, кийинки этапта 600 батир;
- Манас шаарында — кошумча 1 830 батир;
- Каракол шаарында — 2 500 батирден ашык;
- Чолпон-Атада — 496 батир;
- Балыкчыда — 1 500 батирден ашык;
- Нарын жана Кочкордо — 4 500 батирге жакын;
- Талас шаарында — 319 батир;
- Ош, Өзгөн, Кара-Суу районунда — ипотекалык турак-жай долбоорлору пландаштырылган;
- Баткен облусунда дагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүүдө;
- Бишкек шаарында — 4000 батирден ашык.
Белгиленгендей, учурда өлкө боюнча 75 миңден ашык батирлер курулуп жатат. 2026-жылга 20 миңдей батир берүү пландалууда.



