Коом

Алматы — Каракол аба каттамы ачылды

Бүгүн, 5-декабрдан тарта Алматы — Каракол түз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылууда. Жумасына эки ирет — жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

«Аба каттамы азырынча кышкы мезгил учурунда гана ачылууда. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге, же 75 долларды түзөт. Азыр казакстандыктарга ыңгайлуу болгон төлөм системасы караштырылууда», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button