Пайдалуу кеңештер

Дарыгер бел ооруну жеңилдетүүнүн жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмаларын атады

Нейрохирург Станислав Тимонин бел ооруну жеңилдетүүнүн жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмаларын атады. Бул тууралуу анын кеңештерин «Газета.Ru» жазып чыкты.

Адис белгилегендей, көпчүлүк адамдар бел ооруну дарыгерге барбай эле, күнүмдүк адаттарын тууралап чечсе болот. Анын айтымында, биринчи кезекте иш ордун туура уюштуруу зарыл.

«Монитор сөзсүз көздүн деңгээлинде турушу керек. Арка отургучтун артына таянып, бел бош калбашы керек. Буттар полдо, ал эми ийиндер бош, чыканактар түз бурчта болушу маанилүү», — деди Тимонин.

Дарыгер ошондой эле ар бир 30–40 мүнөттө 1–2 мүнөткө ишти бөлүп, кыймылдап турууну сунуштады. Анын айтымында, бир аз басып келүү, созулуу же ийиндерди жумшарткан жөнөкөй кыймылдар жетиштүү.

Мындан сырткары, ал күнүнө эки жолу кыска зарядка жасап, жумасына 2–3 жолу йога, пилатес же бассейнге барууну да пайдалуу чара катары атады.

Тектеш кабарлар

Back to top button