Коом
Мечиттерде жума намазы учурунда кар жаашын сураган дуба окулду

Кыргызстандагы бардык мечиттерде жума намазы учурунда өлкөгө кар жаашын сураган атайын дуба окулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Белгиленгендей, бул тапшырманы өлкөнүн башкы муфтийи Абдулазиз Закиров берген. Ал жарандарга кайрылып, өлкөгө жамгыр менен кар тилеп, дуба кылууга чакырган.
Анын айтымында, учурда кургакчылык өкүм сүрүп жатат, ошондуктан мындай кырдаалда Алладан жаан-чачын сурап, тиленүү зарыл.
Муфтияттын маалыматына караганда, жума намазы өлкө боюнча 1 миң 334 мечитте окулган.



