Кыргызстан жана Өзбекистан энергетика тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтөт

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекистан чек ара аймактарындагы электр өткөрүү линияларынын өткөрүмдүүлүгүн кеңейтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев O’zbekiston 24 телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтуусунда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда эки өлкө ортосундагы стратегиялык шериктештикти чыңдоо, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Суу-энергетикалык кооперацияга өзгөчө көңүл бурулуп, «Камбар-Ата–1» ГЭС долбоорун ишке ашыруудагы өз ара аракеттер каралды. Президент Мирзиёев аймактык дэңгээлдеги ири долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруунун чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
Министр Ибраев чек арадагы электр өткөрүү линияларынын жаңылоо жана алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу иштери уланып жатканын айтып, бул долбоорлор Дүйнөлүк банктын REMIT программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
Ошондой эле ал Камбар-Ата–1 ГЭСинин ишке кириши өнөр жай ишканаларын электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртып, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугуна багытталган программаларды колдоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Эске салсак, Камбар-Ата–1 ГЭСинин кубаттуулугу 1860 МВтты түзүп, иштеши үчүн 5,4 млрд куб метрлик суу сактагыч курулат. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекистан долбоорду эл аралык каржы институттары менен



