Бир жылдын ичинде АКШ дан 2,5 млн мигрант чыгарылды

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 2025-жылдын январь айынан бери өлкөдөн 605 миң мыйзамсыз мигрант мажбурлап чыгарылганын, дагы 1,9 миллион адам өз ыктыяры менен кеткенин камтыган отчетун жарыялады. Бул тууралуу Fox News маалымдады.
Ведомствонун билдирүүсүндө баса белгиленгендей, депортацияда оор кылмыш жасаган жана коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан адамдар негизги приоритет болуп саналат.
«Мыйзамсыз мигранттар биздин азыр кетүү боюнча чакырыгыбызды угушууда. Алар жакшы билишет: эгер өз ыктыяры менен кетпесе, биз аларды табабыз, камакка алабыз жана аларга өлкөгө кайтып келүүгө эч качан уруксат берилбейт», — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ошондой эле ведомство мигранттарды атайын мобилдик тиркеме аркылуу ыктыярдуу кетүүгө чакырып, программа алгачкы жолку чыгымды жабуу үчүн бекер авиабилет жана 1 миң доллар өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтөрүн белгиледи.



