Зергерчиликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шартта насыяларды берүү сунушталууда

Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген шартта насыяларды берүү сунушталууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Жетинчи каналга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда зергерчилик тармагынын потенциалы чоң жана жумуш орундарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.
«Эки ай ичинде каттоодон өтпөгөн зергерлерге жана алардын товарларына мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилет. Тармакты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү менен катар көзөмөл күчөтүлүп, ар бир ишкер таза иштеп, белгиленген төмөндөтүлгөн салыкты толук төлөөгө милдеттүү болот», — деди ал.
Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаров «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык зергерчилик жана тигүү өнөр жайын комплекстүү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.



