Коом
Ак-Талаада азык-түлүк жарманкеси өттү

Бүгүн Ак-Талаа районунда социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Баетов айыл өкмөтү райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурган бул жарманкеде:
- кой эти — 600 сомдон сатылды.
- бүтүн үндүктүн эти — 3000 сомдон 6000 сомго чейин сатылды.


Кыргызстан боюнча өтүп жаткан жарманкелердин ичинен эт эң арзан баада дал ушул жерде сатылууда. Мисалы, буга чейин эки апта бою Ак-Талаада топоздун эти 550 сомдон сатылып келген.
Эскерте кетсек, министрлик жарандар үчүн керектүү азык-түлүктөрдүн жарманкесин жума сайын жер-жерлерде үзгүлтүксүз өткөрүп келет.



