УКМК Академиясынын ок-атуу комплексинде турнир өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
2025-жылдын 11-12-декабрында Кыргыз Республикасынын УКМКнын генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясынын ок-атуу комплексинде “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын Кубогу — 2025” үчүн күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрүнүн арасында автоматтык куралдан жана практикалык ок атуу турнири өткөрүлдү.


Турнирге жалпы 115 спортсменден турган 23 команда катышты, алар: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ССН “Альфа”, “Калкан”, “Бөрү” жана “Академия” командалары, Коргоо министрлигинин “Скорпион”, “Пантера”, “Илбирс” командалары жана “Кой-Таш” бригадасынын командасы, Ички иштер министрлигинин СОБР, ПСН жана Ички аскерлеринин “Шер”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын «Омега» командалары.

Турнир Эл аралык практикалык ок атуу федерациясынын эрежеси боюнча, командалык жана жеке мелдеште өттү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча:
Командалык “OPEN” класстагы мелдеште 1-орунду “УКМК – 1” командасы, 2-орунду “УКМК – 2” командасы, 3-орунду “Манас – 1” (УКМК) командасы ээледи.
Жеке мелдеште “OPEN” классы боюнча 1, 2 жана 3 орундарды УКМК кызматкерлери ээледи.


Командалык мелдеште “CLASSIC” класстагы 1-орунду “Манас – 2” (УКМК) командасы, 2-орунду “СОБР – 2” (ИИМ) командасы, 3-орунду “Скорпион” (Коргоо Министрлиги) командасы ээледи.
Жеке мелдеште “CLASSIC” класстагы: 1 — орунду ИИМ СОБР кызматкери, 2 жана 3 – орундарды УКМК кызматкерлери ээлешти.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары генерал-майор Шабданбеков Т.М. катышып, автоматтык куралдан жана практикалык ок атуу боюнча турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.
Практикалык ок атуу боюнча турнир – кесиптик өсүү, тажрыйба алмашуу жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдануу аянтчасы катары эсептелет. Анткени кыргызстандык аткычтар буга чейин да дүйнөлүк аренада өлкө намысын татыктуу коргоп келишүүдө. Мисалы, алдыңкы жылдары биздин жоокерлер Бириккен Араб Эмираттарында (Дубай) жана Россияда өткөн эл аралык мелдештерге катышып, эң күчтүү командалардын арасында ардактуу орундарды ээлеп, жогорку чеберчилик жана тартипти көрсөтүштү. Бул жетишкендиктер – тынымсыз эмгектин, туруктуулуктун жана биримдиктин жыйынтыгы болуп кыргыз жоокерлери дүйнөдөгү мыкты делген аткычтар менен атаандаша аларын далилдеди.



