Саясат

 Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-декабрда Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады.

Президент Садыр Жапаровду аэропорттон Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Ошол эле жерде, аэропортто, президент Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Андан соң президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен тет-а-тет форматында жолугушуусу болду.

Кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки жана көп тараптуу форматтагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Экинчи күнү мамлекет башчысы Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу салтанаттуу аземине катышты.

Андан соң ал Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптык эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган «Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги» аттуу эл аралык форумга катышты.

Ошол эле жерде башка мамлекет башчылары менен катар президент Садыр Жапаров форумда сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө биздин өлкөлөрдүн алдында жалпы милдет турганын – биргелешип тынчтыкты чыңдоо, чыр-чатактарды алдын алуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасы туруктуулукту чыңдоого багытталган эл аралык аракеттерди дайыма колдой турганын ырастады.

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон иш сапарын аяктап, 12-декабрда Бишкек шаарына кайтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button