Пайдалуу кеңештер

Кышында өзүн начар сезүүнүн себеби аныкталды

Кыш мезгилинде көпчүлүк учурдагы алсыраган абал жана өзүн жаман сезүү организмдин суусузданышы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу физиолог Ханна Белшем HuffPost басылмасына берген маегинде билдирди.

Адистин айтымында, суукта кан тамырлар тарып, кышкысын суусоо сезими жай мезгилине караганда азыраак байкалат. Бирок организмдин сууга болгон муктаждыгы жоголбойт, айрым учурларда тескерисинче күчөйт. Буга имараттардагы кургак аба жана суук маалда бөйрөктөрдүн активдүү иштеши себеп болот.

«Муну менен катар кыш мезгилинде кеңири колдонулган кофеин, алкоголдук ичимдиктер жана туздуу тамак-аштар да бар. Ушунун баарын эске алганда, адам тердебесе да, суусоо билинбей эле пайда болушу мүмкүн», — деп эскертти Белшем.

Физиолог организмде суюктуктун жетишсиздиги бат эле жагымсыз жана ачык байкала турган белгилерди жаратарын белгиледи.

«Жада калса жеңил сууоо да абалды начарлатып, сергектикти жана маанайды төмөндөтөт. Мындан тышкары, ал организмдин дене температурасын жөнгө салуу жана клеткаларга пайдалуу заттарды жеткирүү жөндөмүнө терс таасир тийгизет. Бул энергиянын азайышына жана теринин өңүнүн күңүрт тартуусуна алып келет», — деди адис.

Ошондой эле эксперт кышында кадимки сууну ичүүгө каалоо болбой калган учурда аны башка суюктуктар менен алмаштырууга болорун кошумчалады. Анын айтымында, жаңы сыгылган ширелер, чөп чайлары жана шорполор жакшы альтернатива болуп эсептелет.

Тектеш кабарлар

Back to top button